Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Мамлекеттин же кандайдыр бир ээликтеги жердин ага тиешелүү экендигин белгилөөчү чени, белгиси. Кыраан Манас – жаш бала, Чегине келди жеринин, Четине келди элинин («Манас»). 2. Андан ашып же өтүп кетиши ылайыктуу эмес деп эсептелген шарт, чен, өлчөм, убакыт, белгилүү бир норма. Уйку, тамактануу – баарына чек коюлду (Бейшеналиев). Күн узарып чегине жеткенде өсүмдүктөр урук байлайт (Убукеев). Келе турган күндөрүн, Жыйырма беш күнгө чек кылып («Семетей»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кандайдыр катуу нерсени ургулап оюу, из түшүрүү, кандайдыр бир жерин кетип оюу. Ташты чегип кынаган, Бир-бирине улаган (Үмөталиев). Тегирменчи бизди эле күтүп тургансып, ташын оодарып, чегип жаткан экен («Жаш ленинчи»). 2. өт. Астыртан сыр билгизбей сурап көрүү, билмексен болуп билип алууга аракет кылуу. Ышкынаалы чегип сураган менен пайда чыкпасын билген соң, өтө аярлап калды (Байтемиров).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Белгилүү сумманы алуу же башка жакка которуу үчүн банкка көрсөтүлүүчү (берилүүчү) документ. Чекти жаңы кассирдин наамына жаз (Каимов). 2. Товардын төлөө баасы жазылып, кассага көрсөтүлүүчү квитанция жана магазиндин кассасы сатып алуучудан акча алгандыгын белгилеп берилген кагаз.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Унааны арабага, чанага ж. б. кошуу. Атмын дейсиң арабага чегилген, А божусу мага эмне үчүн берилген? (Маматова). Ар биринде бир кетмен, Кээ бирөө чеккен араба (Осмонов). 2. Кандайдыр бир жумуш иштөөгө кошуу, дайындоо, белгилөө, жиберүү. Ал ишке өзүн баштап мугалимдерди чегем (Сыдыкбеков). 3. Тамеки тартуу, чылым тартуу, насыбай атуу. Эч кимиң командасыз мылтык атпа, Чекпесин тамекини эч бириңер (Үмөталиев). Атам укалаган насыбайынан чеге кетти (Жантөшев). 4. Азапка, жапага ж. б. туш келүү, кабылуу, дуушар болуу, сапар, жол ж. б. тартуу, баштан өткөрүү. Ошондо Бүбүя да кунга кетти, Жазыксыз жашын төгүп, азап чекти (Турусбеков). Сайраган булбул элем, жапа чектим (Шимеев). Кандайдыр сапар чегип баратканыңа түшүнүп турам, балам, – деди кемпир (Жантөшев).